Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:15

ӨКМ: Аба салкындап, бийик тоолорго кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Июнь айынын алгачкы күндөрүндө Кыргызстанда аба салкындап, бийик тоолорго кар жаайт. Буга байланыштуу синоптиктер шашылыш билдирүү таратышты.

1-июнда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, 2-3-июнда көпчүлүк аймактарда, 4-5-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу болот.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-июнда кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаалардын каттамын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал багууну кыйынчылыкка учуратышы ыктымал.

2-5-июнда нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG