Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Депутат Нурбаев: Финпол чөнтөгүнө кызыкчылык бар жерде гана отурат (видео)

Абдувахап Нурбаев.
Абдувахап Нурбаев.

Финансы полициясы коррупциялык иштерди аныктап, иликтөөнүн ордуна ишкерлерди кыйнап жатат. Бүгүн, 30-майда парламенттин жыйынында сүйлөп жатып депутат Абдувахап Нурбаев ушундай пикирин билдирди.

Ал «Азаттыктын» кабарчысы Уланбек Эгизбаев иликтеген көр сатуу мафиясы боюнча калыс чечим чыкпай жатканын айтып, Финполиция тергөөнү тиешелүү деңгээлде жүргүзбөгөнүнө, өз кызыкчылыгын гана ойлоп жатканына нааразы болду:

- Силер качан гана коомчулук айтканда кыймылдайсыңар, коррупцияга аралашып оозуңарды жаап отурасыңар. Ушундай органдын мамлекетке кереги барбы? Силерди жоюп ташташ керек. Бардык жерде ишкерлердин мойнунда отурасыңар. Ишкерлер «Финпол бизге «үлүшкө» отуруп алды» деп даттанып жатышат. Журналисттер ачып берген ишти аягына чыгара албай, чөнтөгүңөргө кызыкчылык бар жерде отурасыңар.

Депутаттын бул айткандарына жыйынга катышып отурган Финполдун жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев жооп берген жок.

Финполиция Уланбек Эгизбаев иликтеген көр сатуу фактылары боюнча айыпты мүрзөчүлөрдүн бригадирине коюп, 8-майда иш Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Уланбек Эгизбаевдин коомдо резонанс жараткан «Көрүстөндөгү коррупция» телепрограммасы эфирге 2018-жылы 30-майда чыккан. Анда аталган көрүстөндөгү коррупциялык схемалар ачык айтылып, кабыр сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.

28 жаштагы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG