Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Сурабалдиева: Матраимов боюнча иликтөөнү бир да эркек депутат кеп кылган жок (видео)


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева бүгүн, 30-майдагы сессияда «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген иликтөөсү боюнча маселе парламентте көтөрүлбөгөнүн айтып чыкты. Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиевге кайрылып, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын жакындарынын акча которуусу жөнүндө иликтөө чыкканына карабай, эч кандай аракет болбой жатканына нааразылыгын билдирди:

«Атамбаевдин жансакчысына бир айда эле иш козгоп койдуңар, а бул жактан үч айдан бери эч нерсе таба албай жатасыңарбы? Социалдык тармактарда парламентти да, өкмөттү да, силерди да эл сөгүп жатат. «2011-жылдан тартып 2017-жылга чейин 700 миллион доллар Кыргызстандан чыгарылып кетиптир» деп... Дагы кандай далилдер керек? Ушунча чоң чуулгандуу видеодон кийин аны азыркыга чейин иликтей баштабаганыңарга таң калып жатам. Мына, саат 4 болду. Ушул убакка чейин бул маселени бир да эркек депутат көтөрүп чыкпаганына уялам. Бул уят нерсе. Элдин баары карап турат».

Эмил Жамгырчиев депутатка иликтөө үч ай мурда башталып, учурда «Мыйзамсыз баюу» беренесине ылайык иш-чаралар жүрүп жатканын айтып жооп кайтарды.

«Азаттыктын» 29-майда обого чыккан иликтөөсүндө Матраимовдордун байлыгы, алардын миллиондогон акчанын сыртка которулушуна катышы тууралуу айтылган. Иликтөөдөгү маалыматтар жөнүндө бийлик жана Матраимовдор азырынча комментарий элек.

Бир тууган Матраимовдор буга чейин өз дарегине айтылгандарды четке кагып келишкен.

«Раим миллион» атыккан Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген.

Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан. Кийин бул чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган.

Буга чейин Финансы полициясы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иши аяктап калганын маалымдаган. Мекеме анын мүлкүн беш айдан бери текшерүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG