Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:24

Булан институту диний билим берүүнү реформалоо боюнча баяндамасын жарыялады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Булан институту "Кыргызстандагы исламий диний билим берүүнү реформалоо аракеттери: жетишкендиктер жана кыйынчылыктар” баяндамасын жарыялады.

Анда Кыргызстанда диний билим берүүнүн калыптаныш тарыхы, исламий окуу жайлардын учурдагы абалы, окуу программасы жана аларга коюлуп жаткан жаңы талаптарга терең анализ берилген.

Булан институту белгилегендей, өлкө эгемендик алгандан кийин диний билимге кызыгуу күчөп, медреселер ачыла баштаган, бирок аларды каттоо, стандартка салуу жана бирдиктүү окуу программасын киргизүүнү ишке ашырган нормалар жана система болгон эмес.

2014-жылы бул маселе Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкуулангандан кийин гана бир стандартка келтирүү, талапты жогорулатуу жана билим сапатын жакшыртуу аракеттери жүрүп жатат.

Учурда Кыргызстанда бир Ислам университети, тогуз Ислам институту жана 113 медресе катталган.

Баяндама Дин иштери боюнча мамлекттик комиссиянын, муфтияттын, көз каранды эмес эксперттердин, дин аалымдарынын, медресе мүдүрлөрүнүн жана теологдордун берген маалыматтарынын негизинде даярдалды.

Булан институту Кыргызстандагы билим берүү системасы боюнча иш алып барат. Бишкекте жана Женевада кеңсеси бар. Женевадагы кеңсеси адам укугу жана эл аралык коопсуздук боюнча иш алып барат. Институтту Чолпон Орозобекова жетектейт. (RK)

XS
SM
MD
LG