Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:20

Башкы прокуратура: "Кыргызтелекомго” байланыштуу сегиз иш ачылган


"Кыргызтелеком" ишканасынын башкы имараты.
"Кыргызтелеком" ишканасынын башкы имараты.

"Кыргызтелеком” ишканасына байланыштуу сегиз иш боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Бул тууралуу 31-майда башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев "КТ мобайл" боюнча депутаттык комиссияга маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда алты иш тергелип жатат, ал эми экөө токтоп турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жогорудагы кылмыш иштеринен бюджетке кеминде 1 миллиард сом зыян келгенин билдирди.

Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Майдын башында түзүлгөн депутаттык комиссия «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтеп жатат. Анын биринчи отуруму 17-майда болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG