Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:29

Жанарбек Акаев: Бакиевдин «Ак жолу» үстөмдүк кылган парламентке бараткандайбыз


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «КТ Мобайл» ишканасынын айланасындагы чырды иликтеген депуттаттык комиссия күнөөнү «Мегаком» компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловго оодарып коюуга аракет кылып жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн комиссиянын жыйынында айтты.

- Комиссия ишти катуу баштаганбыз. Бирок мен маанайды байкасам, аягы келип күнөөнү проблеманы айтып чыккан Акылбек Жамангуловго оодарып коюу аракети болуп жатат. Мындай болбошу керек. Биз мындайга жол бербейбиз. Бакиев убагында «Ак Жол» партиясы үстөмдүк кылган парламентке бараткандай кейпибиз бар. Бул абдан өкүнүчтүү. Биз ага да жол бербейбиз. «Журналисттер, абайлап жазгыла, мындай кылып жазгыла. Депутаттар, биринчи болуп айтканга аракет кылып атасыңар» деген сөз болбош керек. Биз бирөөнүн арак заводунда же бирөөнүн терек базарында чогулуш кылып жаткан жокпуз. Бул жер - парламент. Ким кааласа сүйлөйт, каалабаса сүйлөбөйт, - деди Акаев.

Депутаттык комиссиянын жыйынына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Майдын башында түзүлгөн депутаттык комиссия «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтеп жатат. Анын биринчи отуруму 17-майда болгон.

Талаш-тартыш жараткан «КТ Мобайл» - 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгон.

Маселе тууралуу коомчулукка «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангулов ачык айтып чыккан.

«Ачык өкмөт» улуттук форумунун кызматтан кеткен катчысы, премьер-министр Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин дарегине «КТ Мобайл» компаниясы боюнча дооматтар айтылган. Анын уулу Эрназардын «КТ Мобайл» ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеп, чоң суммада айлык алып келгени талкууга түшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG