Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионунда ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Мурат Жакыпов "Азаттыкка" билдирди.
Жакыповдун айтымында, ушул жылдын апрель айында Бириккен Араб Эмирликтеринде өткөн хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын 3-дивизионуна тандоо оюндарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын арызын караган Эл аралык хоккей федерациясынын комиссиясы ушундай чечим чыгарган.
- Чыр-чатагы жок элдешүү менен аяктады десек болот. Ошол оюндардын жыйынтыгы кайтарылып берилген жок. Бирок ошондогу жетишкендигибиз үчүн, туура эмес чечими кабыл алынганы үчүн биздин команда дүйнөлүк чемпионатка киргизилип, төртүнчү дивизиондо ойноосуна уруксат берилди. Ал мелдеш 2020-жылы 2-8-мартта Бишкекте өтмөй болду, – деди Мурат Жакыпов.
Жакыпов кошумчалагандай, Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар (18 жашка чейинки) курама командасына 2020-жылы Люксембургда өтө турган дүйнө чемпионатына катышууга жана улуттук курама командага 2022-жылы Пекинде өтө турган кышкы олимпиада оюндарынын тандап алуу оюндарына катышууга да уруксат берилген.
Дүйнө чемпионатынын 3-дивизионуна тандоо оюндарында Кыргызстан курама тобу Кувейт, Таиланд, Босния жана Герцеговина, БАЭ жана Гонконгдун командалары менен ойноп, аларды жеңип алган.
БАЭ командасы менен болгон акыркы беттешке чыгар алдында калыстар Кыргызстандын курамасында ойноп келген Александр Титовду Орусия жарандыгы бар деген негизде оюндан четтеткен.
Титовсуз ойногон кыргыз хоккейчилери БАЭни 7:4 эсебинде жеңгенден кийин Кыргызстандын бардык оюндарын ЭХФ жокко чыгарып, 3-дивизионго жолдомо берилбей калган. (GT)