Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

УКМК Иракта, Сирияда жүргөн кыргызстандыктар тууралуу маалымат чогултууда


Өзбекстан Сириядагы лагерлерден өзбекстандык аялдар менен балдарды мекенине кайтарды. Ташкент шаары. 30-май, 2019-жыл.
Өзбекстан Сириядагы лагерлерден өзбекстандык аялдар менен балдарды мекенине кайтарды. Ташкент шаары. 30-май, 2019-жыл.

УКМК Иракта, Сирияда жүргөн кыргызстандыктар тууралуу маалымат чогултуп жатат.

Ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) башка мамлекеттик органдар менен чогуу Иракта жана Сирияда жүргөн кыргызстандыктарды тактап, алардын идентификациялык маалыматтарын чогултуу иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы өздөрүн кыргызстандыкпыз деген жарандардан Сириядан алып кетүүсүн өтүнгөн үч кайрылуу келип түшкөн:

"Аларды текшерип чыкканда кайрылууда көрсөтүлгөндөрдүн бири дагы Кыргызстандын жараны эмес болуп чыккан. Ошол себептен аларды алып келген эмеспиз. Иракта жана Сириядагы кыргызстандыктардын тек-жайын аныктап, тактаган соң, тиешелүү чаралар көрүлөт".

Рахат Сулаймановдун белгилеши боюнча коңшу жайгашкан мамлекеттердин жарандары жаза жеңилирээк болгону үчүн Кыргызстанга келүүнү каалашат.

УКМКнын расмий маалыматына караганда, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашууну каза тапкан. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.

Былтыртан бери Сириядагы согуш токтогон аймактарда жайгашкан лагерлерден Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан өз жарандарын алып келип жатат. Кыргызстандын айрым жарандары Сирияга кеткен жакындарын кайтарып келүү өтүнүчү менен президентке, Тышкы иштер министрлигине жана күч органдарына кайрылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG