Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:32

Акматбек: Укук коргоо органдары бир кланды коргоп жатат


Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

Мындай пикирин эксперт Руслан Акматбек “Азаттыктын” талкуусунда сүйлөп жатып билдирди. Ал күч органдары буга чейин бийликти коргоп келсе, эми кайсы бир кландын кызыкчылыгын коргоп жатканын айтты:

"Матраимовдор тууралуу “Азаттыктын” иликтөөсүнө кыска убакытта жооп таап, программада айтылган ири суммалар Матраимовдорго тиешеси жок, жеке ишкерлерге таандык деп айтканы – бүгүнкү күндө укук коргоо органдары Матраимовдордун кланын коргоого өткөнүн ачыктап турат", - деди Руслан Акматбек.

Руслан Акматбек мындай шектүү акчанын банктар, фонддор аркылуу өтүп турушун маалымат каражаттары же коомчулук талап коё электе эле мамлекет, күч кызматтары текшерип турушу керек экенин кошумчалады.

Талкууга катышкан дагы бир эксперт, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Матраимовдорго таандык “Исмаил ата” фондунун ишмердүүлүгүн текшерүү зарыл экенин белгиледи. Анын айтуусунда, башка мамлекеттерде да түрдүү фонддор аркылуу арам акча адалданган учурлар арбын.

29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган иликтөөдө Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз болгон.

Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат баштапкы маалыматтарга таянып, ал миллиондор ири базарларда иштеген ишкерлердин импорттук акчасы экенин айтты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG