Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Туск казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен казак президенти Касым-Жомарт Токаев. 31-май, 2019-жыл
Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен казак президенти Касым-Жомарт Токаев. 31-май, 2019-жыл

Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск Борбор Азиядагы сапарын улантып, 31-майда Казакстанга келди. Ал Нур-Султан шаарында казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул жолугушууда Токаев Казакстан "Евробиримдик менен конструктивдүү өнөктөштүккө" басым жасоону уланта берерин айтканын "Ак ордонун" басма сөз кызматы кабарлады. Туск Казакстанды "чөлкөмдөгү гана эмес, глобалдык деңгээлдеги өнөктөш" экенин айтты. Мунун алдында бир катар казак активисттери Тускка кайрылуу жолдоп, Нур-Султандагы жолугушууларында Казакстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу маселени көтөрүүгө үндөшкөн.

Еврокеңештин төрагасы Казакстанга чейин Душанбеге барып, тажик лидери Эмомали Рахмон менен жолуккан. Ал эми Нур-Султандан кийин Ташкентке барып, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшмөкчү. Тусктун Борбор Азиядагы сапарында Кыргызстан менен Түркмөнстан камтылган эмес.

XS
SM
MD
LG