Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Улуттук банк: Кызматкер мыйзамсыз байыганын билиш үчүн жакындарын текшерүү керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Мыйзамсыз байыган” деп шектелип жаткан кызматкердин байлыгын билүү үчүн биринчи кезекте анын жакындарын текшерүү зарыл. Мындай пикирин Улуттук банктын Көзөмөл башкармалыгынын башчысы Сейтек Чалбаев “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып айтты:

- Мыйзамсыз баюу тууралуу сөз болгондо укук тартибин коргоо органдары шектүү аткаминердин өзүн эмес, анын жакын туугандарын жана өнөктөштөрүн текшериши керек. Ошондо гана анын кайсы жерде кандай активдери бар экенин билүүгө болот.

29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз кылган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат баштапкы маалыматтарга таянып, ал миллиондор ири базарларда иштеген ишкерлердин импорттук акчасы экенин айткан. (RK)​

XS
SM
MD
LG