Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:10

Кыргызстанда Умар жана Раяна деп ысым койгондор көбөйдү


Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, быйылкы төрт айда 56 миң 525 балага туулганы тууралуу күбөлүк берип, катталды.

Бул өткөн жылкы ушул убакка салыштырмалуу 2,9% көп. Өткөн жылдын январь-апрель айларында 54 миң 892 наристе туулган.

Мамлекеттик каттоо кызматы ымыркайларга коюлган ысымдарды да талдап көргөн. Ага ылайык, үч жыл бою катары менен уул балага Умар, кыз балага Раяна деген атты көп коюшкан.


Быйыл дагы уул балдарга коюлган ысымдардын ичинен Умар деген ат лидерликти берген жок. Быйылкы төрт айда туулган уул балдардын 1238ине Умар деген ысым берилген. Андан кийинки орундарда Алинур, Билал, Алихан, Али жана башка ысымдар турат.

Ал эми кыздарга январдан майга чейинки аралыкта туулган 857 кызга Раяна деген ат көп коюлган. Андан кийинки орундарда Амина, Алия, Фатима, Айлин, Арууке жана башка ысымдар турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG