Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

Шыкмаматов «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча текшерүү жүргүзүүнү талап кылды (видео)


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 31-майда «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден Райымбек Матраимовдор тууралуу «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча тез арада текшерүү жүргүзүүнү талап кылды:

- Бул боюнча өкмөт, сиз, Финполиция, Башкы прокуратура, АКС иштебейсиңерби? Депутаттарды үгүттөп коюп отура бербей. Макул, биз комиссия түзөлү. Бирок биз каникулга кетсек, күзгө чейин күтүп отура бересиңерби? «Азаттык» так маалыматтарды алып чыкты, ошону уланткыла. Мына, Статкомитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү 150 млрд. сом. Кытай менен Кыргызстандын товар алмашуусундагы айырмачылыгы 50 млрд. доллар болуп чыгып жатат. Бул боюнча изилдеп, маалыматты бергиле.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» берген маалымат менен таанышып чыкканын айтып, ал боюнча Улуттук банкка, Финансылык чалгындоо кызматына жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) тапшырма берилгенин билдирди.

29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз кылган.

Финансы полициясы баштапкы маалыматтарга таянып, ал миллиондор ири базарларда иштеген ишкерлердин импорттук акчасы экенин билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG