Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Саудия жана башка араб мамлекеттери Ирандын аракеттерин айыптады


Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдел Азиз.
Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдел Азиз.

Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдел Азиз араб өлкөлөрүнүн лидерлеринин чукул саммитинде эл аралык коомчулукту “Ирандын башка өлкөлөрдүн ишине кийлигишүүсүнө каршы бардык каражатты колдонууга” чакырды.

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин жана Араб лигасынын саммити ислам дүйнөсүнүн ыйык шаары саналган Меккеде 30-майда башталып, 31-майда аяктады.

Бул чукул саммит Жакынкы Чыгышта АКШ менен Ирандын мамилеси чыңалып турган учурда өттү. Ушул айдын башында АКШ Перс булуңуна жана Жакынкы Чыгышка учак ташуучу согуштук кемесин, бомбалоочу учактарын жана «Patriot» ракетасын жайгаштырган. Вашингтон бул аракеттерин Ирандын ыктымал чабуулун алдын алуу катары түшүндүргөн.

АКШ колдогон жана сунни өлкө саналган Сауд Арабия шииттер башкарган Ирандын башкы атаандашы жана алар аймакта таасир талашып келишет.

Саммиттин көпчүлүк катышуучулары Сауд Арабиянын жана АКШнын Иранга байланыштуу өз кызыкчылыктарын коргоо укуктарын колдошту.

Ушул айдын башында Сауд Арабия Мекке шаарында чогулуп, Иран боюнча мусулман жана араб өлкөлөрүнүн биргелешкен позициясын тактап алууну сунуштаган.

XS
SM
MD
LG