Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду


Өмүрбек Текебаев сот залында.
Өмүрбек Текебаев сот залында.

«Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 31-майда №47 түрмөдөн Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.

«Жарым жылда бир ирет ооруканада дарыланып, дарыгерлердин кароосунан өтүп турушу керек. Дарыгер кандайдыр бир сунуштарды берсе, калган медициналык жардамды бизден ала берет».

Текебаев абактан акыркы жолу 2018-жылдын 13-декабрында Улуттук кардиология борборуна которулуп, 2019-жылдын 9-январында кайра түрмөгө кайтарылган.

Ушул жылдын 3-майында Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, аларга карата чыккан сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган.

Саясатчылардын жактоочулары буга чейинки инстанциядагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранган, бирок сот мындай өтүнүчтү четке каккан.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Текебаев жана Чотонов айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG