Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Бишкекте жеткинчектер арасында футбол мелдеши өтүп жатат


Мелдештин катышуучулары. 1-июнь, 2019-ж. Бишкек.
Мелдештин катышуучулары. 1-июнь, 2019-ж. Бишкек.

Бишкектеги "Кg Sport" спорт комплексинде жеткинчектер арасында футбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Мелдешти уюштурган "Юниор" футбол мектебинин маалыматына караганда турнирге Бишкектеги футбол мектептеринин алты жаштан тогуз жашка чейинки оюнчуларынан куралган 16 команда катышып жатат.

Жеңүүчүлөр төрт жаш куракта (2010, 2011, 2012, 2013-жылы туулгандар) өз-өзүнчө аныкталат. Командалар ээлеген орундарына жараша медаль, кубоктор менен сыйланат. Турнир 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган. (ECh).

XS
SM
MD
LG