Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:39

Сапар Исаков «Азаттыктын» иликтөөсү жөнүндө билдирүү таратты


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Абактан жазылган катта Исаков АКА ишканалар тобунун жетекчиси Хабибулла аттуу адамды 2017-жылдын ноябрь же декабрь айында президент Сооронбай Жээнбековдун суранычы менен кабыл алганын билдирген.

«Хабибулла Өкмөт Үйүнө өткөрмө бекет аркылуу эмес, президент Сооронбай Жээнбековдун жансакчыларынын коштоосунда келген. Муну менин жардамчым Бегимай Акимбаева жана Күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси ырастап берет», - деп жазган Исаков.

Мурдагы премьер-министр жолугушууда аны менен Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болуп, чет элдик ишкер «Мегаком», «Кыргызстан» авиакомпаниясы жана «Нарын» эркин экономикалык зонасынын аймагында индустриалдык-логистикалык борбор куруу жөнүндө сөз болгонун билдирген.

Сапар Исаков кийин аталган ишкана «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга кытайлык «Хуэвей» компаниясы менен бирге катышуусу боюнча келишимге кол коюлуп, кийин милдеттенмелерди өз убагында аткарбаганы үчүн келишим жокко чыгарылганын да кошумчалаган.

Сапар Исаков бул компаниянын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу маалымат укканын да билдирген. Мурдагы премьер-министрдин акыркы билдирүүсү боюнча президент Сооронбай Жээнбеков жана Райымбек Матраимов комментарий бере элек.

«Азаттыктын» кабарчылары даярдаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу журналисттик иликтөөдө «АКА Петролеум» аттуу ишкананын жетекчиси Хабибулла Абдыкадир жөнүндө сөз болгон эле. (BkA)

Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

XS
SM
MD
LG