Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Орусияда райондук жетекчи киши өлтүрүү үчүн айыпталууда


Орус полициясы. 30-август, 2017-жыл.
Орус полициясы. 30-август, 2017-жыл.

Подмосковьенин Раменск районунун администрация башчысы киши өлтүрүү боюнча шектүү катары камакка алынды. Орусиялык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Андрей Кулаков жергиликтүү Коомдук палатанын төрагасынын орун басары Евгения Исаенкованы өлтүргөн деп шек саналып жатат. Район башчысы 31-майда жумуш ордунан кармалган. Тергөөнүн маалыматына ылайык Кулаков өзүнүн 39 жаштагы таанышын 2-майда муунтуп өлтүрүп, андан соң изин жашырып кеткен. Исаенкованын сөөгү эки күндөн кийин өзүнүн автоунаасынан табылган.

Москва облусунун бийлиги Андрей Кулаков ээлеген кызматынан 29-майда өз арызы менен бошоп кеткенин билдирди.

XS
SM
MD
LG