Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Орусиянын Дзержинск шаарында эки жарылуу катталды

Нижегородск облусунун бийлиги кабарлагандай, жарылуу “Кристалл” илимий-иликтөө институтунун аймагында болгон.

Бул институт жардыргыч заттарды өндүрүү жаатында иш алып барат. Жарылуу тротилди иштеп чыгуу боюнча цехте болгон. Анын имараты толугу менен кыйраган.

Алдын-ала маалымат боюнча, жарылуудан төрт адам жабыркаган.

Күбөлөр институттун айланасындагы турак үйлөрдүн айнеги күбүлүп түшкөнүн айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG