Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя талкууланды


Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен Өзбекстандын Чек ара аскерлеринин командачысы Руслан Мирзаев кыргыз-өзбек чек арасындагы 30-майдагы окуяны талкуулашты.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, эки өлкөнүн башкы чек арачылары жаңжал орун алган жердеги жагдай менен таанышты. Болуп өткөн окуяны биргеликте териштирүү боюнча чечим кабыл алынды.

30-31-майда Ош облусунун аймагындагы Тогуз-Булак айылынын жанына чек арачылар өзбек жарандарына таандык эки автоунааны тоскон. Бирок айдоочулар талапка баш ийбей, изин жашырууга аракет кылган. Чек арачылар автоунаанын дөңгөлөгүнө аткан учурда транспорттогу бир адам жараат алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG