Ооганстандын түштүгүндөгү Газни провинциясынын полиция участогундагы жардыруудан кеминде алты коопсуздук кызматкери мерт болду. 1-июнда ушул эле аймактагы дагы бир полиция имаратына кол салуу болуп он чакты күч кызматкерлери жаракат алды. Бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алып, 40га жакын полиция кызматкерин жок кылганын жарыялады.
Бул жардыруулар орозо айындагы катар-катар теракттардын акыркысы болду. Өтүп бара жаткан жумада Кабулда бир нече жардыруу катталып, ондогон адамдар жабыркаган.
Буга чейин ооган бийлиги талибдерге орозо айында ок атууну токтотууну сунуш кылган. Бирок «Талибан» мындай сунушту кабыл алган жок.