Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Израил Сирияга абадан сокку урду


Израилдин аскер-аба күчтөрү жекшембиге караган түнү Сириянын түштүк-батышындагы Кунейтра провинциясында бир катар обьектилерге абадан сокко урушту. Анын жыйынтыгында каза болгондор бар экени кабарланууда.

Ракетадан соккулар жөнүндө маалыматты Израилдин армиясы ырастады. Ал Сириянын аймагынан кое берилген ракетага жооп иретинде ушундай кадамга барганын түшүндүрүүдө.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху сокку урууга өзү буйрук бергенин билдирип, Тел-Авив катылганга күч менен жооп кайтарарын белгиледи.

Сириялык маалымат каражаттары соккудан улам үч аскер каза болгонун кабарлап, Израилдин бул кадамын айыпташты.

Ал эми баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия борбору акыркы соккулардан каза болгондордун ичинде Сирия армиясынын өнөктөшү болгон өлкөлөрдүн аскерлери бар экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG