Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Текебаев дарылануусун улантууда, абалы жакшы


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев пландалган дарылануу курсунан өтүп жатат, абалы жакшы. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын тарапкерлери кабарлашты.

Ал кан басымынын жогорулашына, жүрөктүн жана омуртка тутумунун иштешине байланыштуу диагноздор боюнча дарыланууда.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жарандын көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолушун саясий куугунтук катары баалап келишет.

31-майда партия лидери №47 түрмөдөн Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

Ушул жылдын 3-майында Жогорку сот Текебаевдин жана Чотоновдун ишин карап, аларга карата чыккан сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган. (RK)

XS
SM
MD
LG