Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Коррупцияга каршы күрөштү талап кылган активист парламенттин алдына чыкты


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн!» деп аталган тынч митингдин уюштуруучусу, активист Рита Карасартова бүгүн, 3-июнда Бишкекте Жогорку Кеңештин алдына чыкты. Ал журналисттерге иш-чарага эмне себептен катышуучулар келбей калганы тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү «борбордук аянтта митинг өткөрүүгө болбойт» деп расмий түрдө кабарлашкан. Ага карабай, айрым укук коргоочулар, активисттер белгиленген жерге барып, коррупция менен күрөшүүгө жана УКМКны реформалоого чакырган кол топтоп, аны президентке жөнөтмөй болушкан.

Тынч митинг Ала-Тоо аянтында өтөрүн Карасартова 30-майда жарыялаган.

Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине байланыштуу акцияны Жогорку Кеңештин алдында эмес, Горький гүлбагында өткөрүүнү сунуш кылган.

Карасартова коррупцияга каршы күрөш натыйжа бериши үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМКны) реформалоого президентти чакырып жатат.

Буга чейин ал «Президенттен УКМКны реформалоону талап кылабыз!» деген аталышта онлайн кол топтой баштаган. Петицияда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматын анын карамагынан чыгаруу, мекемеден тергөө функциясын алып салуу жөнүндө демилгелер бар. (NT)

XS
SM
MD
LG