Оштогу «Ынтымак» телерадиоканалынын кызматкери Замира Таштанбекова автокырсыкта көз жумду. Каналдын программалык директору Асанбек Каракозуев билдиргендей, ал 1-июнда Ош шаарында күйөөсү менен кошо аварияга кабылган. Өмүрлүк жары аман калган.
Беш баланын энеси Замира Таштанбекова «Ынтымакта» коммерциялык бөлүмдүн менежери, кесиптик кошуундар уюмунун төрайымы болуп иштеген.
«Азаттык» радиосу маркумдун жакындарына көңүл айтат. (SE)