Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

Нур-Султанда көп балалуу энелер Өкмөт Үйүнүн алдында митингге чыкты

Нааразылык акциясына чыккан көп балалуу энелер жана жалгыз бой келиндер.
Нааразылык акциясына чыккан көп балалуу энелер жана жалгыз бой келиндер.

Нур-Султанда Өкмөт Үйүнүн алдында нааразылык акциясына чыккан көп балалуу энелерге жана жалгыз бой келиндерге Казакстандын премьер-министринин орун басары Гүлшара Абдыкалыкова, ошондой эле эмгек жана социалдык коргоо министри Бердибек Сапарбаев чыгып жолукту.

Абдыкалыкова аялдарга «ызы-чуу менен эч нерсе чечилбейт, ошондуктан ар бир адамдын маселесин жеке карайбыз, мыйзамсыз эч нерсе болбойт» деп жооп берди.

Ал эми эмгек жана социалдык коргоо министри Бердибек Сапарбаев кесиптик кошуундардын жардамы менен көп балалуу энелер жүздөгөн батир алганын кабарлады.

- «Казакмыс» компаниясы 120 батир берсе, дагы бир компания 50 батир берди. Эми дагы бир ишкана 10 батир берип жатат. Азыркы учурда, биздин божомолубузда, 500дөн ашуун батир берилди. Бул маселе чечилет, - деди министр Сапарбаев.

Нур-Султан шаарынын акими Бакыт Султановдүн сөзүнө караганда, өткөн айда борбор шаарда 400гө жакын үй-бүлөгө батир берилген.

Өкмөт Үйүнүн алдына митингге чыккандардын арасында премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушууну талап кылгандар да болду.

Казакстанда энелердин нааразылык акциялары 4-февралга караган түнү Астанада жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон беш бир тууган кыз каза тапкандан кийин башталган.

XS
SM
MD
LG