Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Кара-Сууда 8-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйганы айтылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оштун Кара-Суу районундагы Сүрөө-Таш айылынын тургуну, 13 жаштагы кыз өзүн асып алганы айтылууда. Анын сөөгү 27-май күнү үйүндөгү сарайда асынган абалда табылганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурпери Абдуллаева «Азаттыкка» билдирди.

Суициддин себеби белгисиз, кыздын ата-энеси сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тарткан.

Милиция бул фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, иликтеп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, Ош облусунда быйыл беш айда өспүрүмдөр арасында 9 суицид катталган. (MdN\ZKo)

XS
SM
MD
LG