Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:39

Судандагы кагылышта тогуз киши мерт болду


Судан.
Судан.

Судандын коопсуздук күчтөрү бир канча жумадан бери аскердик штабдын алдында нааразылык акцияларын өткөрүп жаткан демонстранттарга күч колдонгон окуядан кеминде тогуз киши өлдү.

Суданда өлкөнү 30 жыл бою башкарган президент Омар ал-Баширдин бийлиги эки ай мурда кулатылган. Бирок анын ордун ээлеген аскердик бийликти демонстранттар колдобой, жарандык өкмөт келишин талап кылып, көчөдө кала беришкен.

3-июнда АКШнын элчилиги борбор шаар Хартумдагы митингчилерди күч менен таратуу аракеттери токтошу керек экенин билдирди.

«Судандын коопсуздук күчтөрү демонстранттарды жана карапайым адамдарды кууп таратууда. Бул туура эмес жана токтотулушу керек», деп жазды АКШнын элчилиги «Твиттер» баракчасына.

Элчилик бул иштер үчүн убактылуу аскердик бийлик жооптуу болорун эскертти.

XS
SM
MD
LG