Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Матраимов: Финполдогу иним кызматтан кетти


Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) иштеген иниси кызматтан кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал ушу тапта 5-каналдын түз эфиринде жүрүп жаткан талкууда айтты.

Финансы полициясынын ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Ислам Матраимов экени айтылып жүргөн.

Финполдун басма сөз катчысы Анастасия Пискур бул маалыматты тастыктап, Ислам Матраимов февраль айынан бери акы төлөнбөөчү өргүүдө жүрүп, 22-майда мекеменин төрагасынын буйругу менен өз каалоосу боюнча иштен алынганын билдирди.

«Азаттык» 29-майда жарыялаган иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен 700 миллион долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган.

Искендер Матраимов - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл арасында «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимовдун бир тууганы. (RK)

XS
SM
MD
LG