Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Дональд Трамп британ ханышасы Елизавета II менен жолукту


Дональд Трамп жана анын жубайы Мелания Елизавета II менен жолугуп жаткан учуру. 3-июнь, 2019-жыл.
Дональд Трамп жана анын жубайы Мелания Елизавета II менен жолугуп жаткан учуру. 3-июнь, 2019-жыл.

Британ ханышасы Елизавета II менен ханзаада Чарльз АКШ президенти Дональд Трампты жана анын жубайы Меланияны Букингем сарайында кабыл алды.

Дональд Трамп үч күндүк мамлекеттик сапары менен Британияга 3-июнда келди. Ал сапарынын алкагында премьер-министр Тереза Мэй менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

АКШ президентинин бул сапары Британиянын өзүндө Брекзит боюнча талкуу уланып, премьер-министр Тереза Мэй кызматтан кетүүгө камынып жаткан учурга туш келди.

Трамп жекшемби күнү Лондонго жөнөөр алдында АКШ менен Британиянын кызматташтыгынын келечегине токтолуп, Мэйдин ордуна мурдагы тышкы иштер министри Борис Жонсон «мыкты» талапкер болоорун айткан. Ошондой эле Мэйдин ордун баса турган премьер-министр Брюссел менен сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетиши керек экенин, Британия Евробиримдиктеги мүчөлүгүн эч келишими жок эле токтоткону туура болорун белгилеген.

Трамптын сапарын утурлай бир катар шаарларда анын саясатын сындаган акциялар өткөнү турат.

Дональд Трамптын 2018-жылы Британиядагы сапары да нааразылык акциялары менен коштолгон. Трамп Британиядагы сапарынан кийин Ирландияга жана Францияга бармакчы.

XS
SM
MD
LG