Жарандык активист Эдил Байсалов Матраимовдор түзгөн «Исмаил-Ата» кайрымдуулук фондунун демөөрчүлөрүнө байланыштуу маселени көтөрдү.
- «Алла-Таала берип жатат» дейсиңер. Көрсө, силерге Алла-Таала эмес эле, кайсы бир уйгурлар берип жаткан турбайбы, - деди ал 3-июнда 5-каналдын түз эфиринде «Миллиондордун изи менен» деген талкууга катышып жатып.
Жогорку Кеңештин депутаты Матраимов ага жооп кайтарып:
- Чет мамлекетте бизге өзүбүзгө жараша мамиле кылып жүргөндөр бар. Жөнөткөн кишилер араб мамлекеттеринен. Кээ бир мусулман мамлекеттерде өзүнүн тапкан пайдасынан кайсы бир пайыз зекет деген бар, ошону беришет, - деди.
«Азаттык» 29-майда жарыялаган иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен 700 миллион долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган.
Искендер Матраимов - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл арасында «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимовдун бир тууганы. (RK)