Бүгүн 4-июнда Бишкекте аялдардын илим жана технология тармагындагы орду менен ролу талкууланган эл аралык жыйын өтөт.
«SТЕМдеги аялдар – Кыргызстандын болочок образы» деген форумду «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясы менен бирге уюштуруп жатат.
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтө турган талкууга экс-президент Роза Отунбаева, АКШнын элчиси Доналд Лу, белгилүү окумуштуу жана ишкер кыз-келиндер катышат.
STEM деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган.
Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда аялдар калктын 52% түзөт жана өтө чоң интеллектуалдык потенциалга ээ. Бирок алардын эмгеги тиешелүү деңгээлде бааланбай келет. (RK)