Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

HRW Сирия менен Орусияны «тыюу салынган курал колдонгон» деп айыптады


Сириянын Идлиб шаары. 3-июнь, 2019-жыл.
Сириянын Идлиб шаары. 3-июнь, 2019-жыл.

Нью-Йоркто жайгашкан «Human Rights Watch» эл аралык укук коргоочу уюм Сирия менен Орусиянын «аскердик альянсын» «эл аралык нормаларда тыюу салынган курал колдонгон» деп айыптады. 3-июнда жарык көргөн баяндамада уюм 26-апрелден тартып өкмөткө каршы күрөшкөн топтордун көзөмөлүндөгү Идлиб, Хама жана Алеппо аймактарында күнүгө жүздөгөн сокку урулуп, 200 жайкын тургун каза тапканын, арасында балдар өлгөнүн да жазган.

Укук коргоочулар куткаруучулардан, күбөлөрдөн жана ачык булактардан алынган материалдарга таянып ырастагандай, карапайым эл жашаган райондордо чачыратма бомба өңдүү тыюу салынган курал колдонулган. Үч миллиондой киши жашаган аймакта алты айлык тыныгуудан кийин апрелде салгылашуулар жанданган. 2011-жылы башталган жарандык согушта Орусия Сириянын президенти Башар Асадга аскердик жана дипломатиялык жардам берип келе жатат.

XS
SM
MD
LG