Бишкектин Биринчи май райондук соту 1-июндан 20-июнга чейин кандай гана нааразылык акциялары жана митинг болбосун башкы көчөлөр менен аянттарда өткөрүүгө тыюу салды.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, соттун ушул аптадагы чечимине ылайык, акция, митингдерди Максим Горький атындагы эс алуу багынын айланасында өткөрүүгө гана уруксат бар.
Бул чечим Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин башчыларынын кийинки аптада Бишкекте боло турган саммитинен улам кабыл алынды.
Маалыматка караганда, учурда милиция кызматкерлери саммит маалында Бишкек шаарынын аянттарында жана көчөлөрүндө жапырт акцияларды, митингдерди, пикеттерди, демонстрацияларды жана жөө жүрүштөрдү токтотуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
ШКУ саммити 13-14-июнга белгиленген. Иш-чара учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. (NT)