Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара НАТОдогу өнөктөштөрүнүн, анын ичинде АКШнын басымына карабастан, С-400 ракетага каршы системасын сатып алуу тууралуу Орусия менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарбай турганын билдирди.
Эрдоган 4-июнда айт намазынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, АКШнын «Patriot» ракетасын сатуу жөнүндө сунушуна караганда Орусия менен келишим жакшырак болуп жатканын да кошумчалады.
Анкаранын Москва менен С-400 ракетага каршы системасын сатып алуу тууралуу сунушу Түркия менен АКШнын ортосунда карама-каршылык жаратууда.
Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылып келет. АКШ НАТО өлкөлөрү үчүн өндүрүлгөн Ф-35 аскердик учактары тууралуу жашыруун маалыматтар Кремлдин колуна тийип калышы мүмкүн деп тынчсызданууда.
АКШнын коргоо министринин эл аралык коопсуздук боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Кэтрин Уилбэргер өткөн жумада Анкара орусиялык С-400 зениттик ракет системасын сатып ала турган болсо, бул Түркиянын НАТОдогу өнөктөштөрү менен кызматташтыгына терс таасир эте турганын эскерткен. Ал белгилегендей, бул кадам Түркиядагы Ф-35 бомбалоочусу боюнча программага да кесепетин тийгизет.
«С-400 системасы - Ф-35 учактарын атып түшүрүүгө багытталган орусиялык система. Орусия бул учак боюнча маалыматты чогултуу мүмкүнчүлүгүнөн колдонбошу керек» деген Пентагондун өкүлү.
Кошмо Штаттарды Түркияга санкция салууга мажбур кыла турганын да эскерткен Кэтрин Уилбэргер Орусияны узак мөөнөттүк кызматташтыкта ишенимсиз өнөктөш деп сыпаттады.
АКШ Сенатында да эгер Түркия С-400 системаларын өз аймагына жайгаштырса, анда ага каршы санкциялар киргизиле тургандыгы да айтылган.