Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Москва: Венесуэладан орусиялык аскердик кеңешчилер кеткен жок


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Венесуэланын президент Николас Мадуро. 5-июнь, 2019-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Венесуэланын президент Николас Мадуро. 5-июнь, 2019-жыл.

Кремль 4-июнда АКШнын президенти Дональд Трамптын бир күн мурда Орусия Венесуэладагы өз адамдарынын көбүн чыгарып кеткени тууралуу билдирүүсүн жокко чыгарды.

Дональд Трамп 3-июнда, Лондондогу мамлекеттик сапарында «Твиттерге» Орусия президент Николас Мадурону колдоо көрсөтүп жаткан «Венесуэладагы адамдарынын көбүн алып кеткенин» жазып, бирок буга эч кандай далил келтирген эмес.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге Орусия бул маселе боюнча Трамп менен байланышпаганын билдирди. Анын айтымында, сыягы, Трамп бул маалыматты орус жетекчилери буга чейин четке каккан гезиттердеги кабарлардан же дагы кайсы бир жерден алган.

Песков орусиялык аскердик кеңешчилер Венесуэлада азыр да бар экенин жана бул жараян план боюнча жүрүп жатканын кошумчалады.

Москва март айында 100дөй аскерди Латын Америкасындагы бул өлкөгө жибергени белгилүү болгондо Дональд Трамп Орусияны чыгып кетүүгө чакырган.

Венесуэлада президент Николас Мадуронун өкмөтү менен өзүн «утурумдук президент» деп жарыялаган Хуан Гуайдо башында турган оппозициянын тиреши токтой элек.

АКШ баштаган 50дөн ашык мамлекет Гуайдонун бийлигин тааныса, Орусия, Кытай жана Куба Мадуронун өкмөтүнө колдоо көрсөтүп жатат.

XS
SM
MD
LG