Судандын борбор калаасы Хартумда күч кызматтары менен демонстранттардын ортосунда тиреш күч алды. 3-июнда Коргоо министрлигинин алдында өтүп жаткан митингди таратуу үчүн коопсуздук күчтөрү ок ачты. Кабарларга караганда бери дегенде 35 адам набыт болуп, 100дөн ашуун адам жараат алды.
Судандын өткөөл кеңешинин төрагасы, генерал-лейтенант Абдел Фатта ал-Бурхан Суданды коргоо максатында күч колдонулганын билдирди:
«Аскердик кеңеш Нилдин көчөсүн тазалоо боюнча операция маалында болгон кан төгүүлөргө жана анын кесепеттерине өкүнүчүн билдирет. Биздин өмүрүбүздөн жана улутубуздан баалуу нерсе жок экенин билебиз. Улутубузду сактап калуу баарыбыздан курмандыкты талап кылууда. Куралдуу, коопсуздук жана өкмөттүк күчтөр элдин коопсуздугу үчүн жоопкерчилик алышкан эле. Алар Суданды башкаруу үчүн эмес, коргоп калуу үчүн биригишти. Суданда бийликке жетүүнүн жалгыз жолу – шайлоодо добуш берүү».
Генерал-лейтенант шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү башкара турган убактылуу өкмөт чукул арада түзүлөрүн билдирди.
Оппозиция лидерлери жаңы администрациянын курамына кирүүнү жана бийликти үч жылдык мөөнөткө жарандык башкарууга өткөрүп берүүнү талап кылууда. Ошондой эле оппозиция тогуз айдын ичинде шайлоо өткөрүү тууралуу аскер бийлигинин пландарын четке какты.
Суданда апрелде өлкөнү 30 жыл бою башкарган президент Омар ал-Баширдин бийлиги кулатылган. Бирок анын ордун ээлеген аскердик бийликти демонстранттар колдобой, жарандык өкмөт келишин талап кылып, көчөдө кала беришкен. Суданда демонстранттардын лидерлери менен өткөөл аскердик өкмөт кризисти жөнгө салууда мунаса таба албай жатышат.