Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Манасбек Арабаев Биринчи май райондук сотуна жеткирилди (Видео)


Манасбек Арабаев.
Манасбек Арабаев.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилди. Ушу тапта анын бөгөт чарасы каралганы жатат. Бул тууралуу жеринен «Азаттыктын» кабарчысы билдирди.

Арабаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2-июнда «Коррупция» боюнча камакка алган.

Манасбек Арабаев былтыр май айында «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген негизде жумуштан бошотулган. Мунун алдында «Арабаев сот тармагына, судьялардын чечимдерине жана кадр саясатына кийлигишет» деген мазмундагы доомат-сын күчөгөн эле. УКМК Манасбек Арабаев тууралуу 3-июнда учкай гана маалымат таратты.

Анда ал «кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалынан пайдаланып чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн тартып алуу» фактысына байланыштуу камакка алынганы айтылат. Материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Коррупция» беренеси менен катталган. Манасбек Арабаевдин адвокаттары жана жакындары анын камалганына байланыштуу комментарий бере элек. (NT/ErN)

Манас Арабаев камакта калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

XS
SM
MD
LG