Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралбай калды. Ал эртең, 5-июнда саат 10:00дө карала турганы маалым болду. Бул тууралуу Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева адвокаттан алган маалыматына таянуу менен айтты.
Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалган. Алгач Салянованын бөгөт чарасы бүгүн Биринчи май райондук сотунда саат үчтө эле карала турганы айтылып, бирок Салянова сотко жеткирилген жок. Бишкектеги сот имаратына Салянованын тарапкерлери да чогулган.
Буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин «Азаттыкка» айткан болчу.
Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады.
Ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн. Буга чейин да бир катар аткаминерлер жана мамлекеттик кызматкерлер Батукаевдин ишине байланыштуу кармалган. (RK)