Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Трамп: АКШ менен Британия Ирандын өзөктүк программасына каршы турат


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Британиянын премьер-министри Тереза Мэй. 4-июнь, 2019-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Британиянын премьер-министри Тереза Мэй. 4-июнь, 2019-жыл.

Британиядагы мамлекеттик сапарында АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Лондон Ирандын өзөктүк куралын жасоо аракетине жана терроризмди колдоосуна чечкиндүү каршы турушарын билдирди.

«Биздин өлкөлөрдүн алдында турган коркунучтардын бири – өзөктүк куралды жасоо жана таратуу - сыягы бул эң чоң коркунуч», - деди Трамп 4-июнда Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен өткөргөн Лондондогу басма сөз жыйынында.

Трамп бул тууралуу Кошмо Штаттар жана анын Перс булуңундагы союздаштары менен Ирандын ортосунда чыңалуу күчөп турган учурда айтты.

2015-жылдагы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге Франция, Орусия, Кытай, Германия, АКШ жана Британия кол койгон. Аталган келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектеп, анын ордуна Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган. Бирок Трамп 2018-жылы майда келишимден чыгып жатканда анын шарттары Ирандын өзөктүк куралын чектебей турганын билдирген жана Иранды «аймактагы согушкерлерди колдойт» деп айыптаган.

Иран бардык айыптарды четке какса, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) АКШнын айыптоолоруна карабай, Тегеран келишимдин шарттарын аткарып жатканын бышыктап келатат.

Келишимге кол койгон Европа мамлекеттери да 2015-жылдагы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди сактап калуу зарыл экенин билдирип келе жатышат.

XS
SM
MD
LG