Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Финпол: «Азаттык» жарыялаганды териштириш үчүн чоң ыкчам топ түздүк


Бакир Таиров.
Бакир Таиров.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылгандарды териштирүү максатында ыкчам топ түздү. Бул тууралуу өкмөттө өткөн жыйындан кийин мекеменин башчысы Бакир Таиров билдирди:

- «Азаттыкта» чыккан 700 миллион доллар фактысы боюнча чоң ыкчам топ түзүлдү. Тиешелүү органдарга кагаз да жөнөтүлдү. Жыйынтыгы чыкса коомчулукка жеткиребиз.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 4-июнда тиешелүү мамлекеттик органдарга өлкө аймагына аткезчилик товар ташууга жол бербөө боюнча толук чара көрүүнү тапшырды.

29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов Мамлекекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз кылган.

Финансы полициясы баштапкы маалыматтарга таянып, ал миллиондор ири базарларда иштеген ишкерлердин импорттук акчасы экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG