Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Портсмутта «Нептун» операциясынын 75 жылдыгы белгиленет

Портсмут.
Портсмут.

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II, премьер-министри Тереза Мэй жана АКШнын президенти Дональд Трамп бүгүн Англиянын түштүгүндөгү Портсмут шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун нугун өзгөрткөн «Нептун» операциясынын 75 жылдыгына арналган иш-чарага катышат.

Франциянын, Германиянын лидерлери Эммануэл Макрон жана Ангела Меркел менен кошо бул жолугушууга согуштун 300дөй ардагери да чакырылган.

1944-жылдын 6-июнунда АКШ, Британия, Канада баштаган бир катар өлкөлөр фашисттер көзөмөлгө алган Франциянын Нормандия аймагына өз күчтөрүн жайгаштырган. (RK)

XS
SM
MD
LG