Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Өмүрбекова экспонаттарды уурдоого, уруксатсыз ташууга жол бербөөгө чакырды


Улуттук тарых музейиндеги инсталляциялар.
Улуттук тарых музейиндеги инсталляциялар.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөдөгү музейлерди өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрүп, 2023-жылга чейинки иш-аракеттерди камтыган долбоор жөнүндө маалымат укту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында музейлерди өнүктүрүү маселеси талкууланып, тиешелүү органдарга айтылгандарды ишке ашыруу боюнча план иштеп чыгуу, мамлекеттик бирдиктүү маалымат базасы катары Музей фондунун каталогун түзүү тапшырылды. Ошондой эле Өмүрбекова экспонаттарды уурдоого, уруксатсыз ташууга жана бузууга жол бербеш керек экенин белгиледи.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине музей кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу, ошондой эле аларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүү табышталды.

2019-жылдын 1-январына карата өлкөдө Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караган 58 мамлекеттик музей бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG