Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:31

Кытайдын төрагасы Москвага мамлекеттик сапар менен келатат


Си Цзиньпин
Си Цзиньпин

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Орусиянын ордо калаасына бүгүн, 5-июнда түштөн кийин келет. Бул күнү ал Кремлде президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Си Цзиньпин Орусияга беш жылдан бери келе элек болчу. Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери Батыш менен мамилелери начарлап кеткен.

Си Цзиньпин 6-8-июнда Санкт-Петербургда өтө турган экономикалык форумгакатышат. Бул форумга Владимир Путин да катышат.

Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Си Цзиньпиндин сапары «эки тараптуу мамилелер үчүн чечүүчү окуя болот» деп билдирди.

Ушаков «Си менен Путин жаңы доорго кадам таштаган глобалдык өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтык тууралуу жаңы декларацияга кол коет» деп билдирди.

XS
SM
MD
LG