Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:11

Сулайманов: депутаттар менен жабык жайларды кыдырабыз

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Кыйноого каршы улуттук борбору 1-июндан 26-июнга чейин «кыйноого каршы 26 күн» өнөктүгүн жарыялады. Бул өнөктүктүн алкагында парламенттин, жергиликтүү кеңештин депуттары менен аталган борбордун кызматкерлери жабык жайларды, абактарды, түрмөлөрдү кыдырып, алардын абалы менен таанышат. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов маалымдады.

Ошондой эле окуу жайларында студенттерге кыйноого каршы маалыматтар таратылат. Жарандык коомдун өкүлдөрү менен талкуулар жүргүзүлөт. 

«Кыйноого каршы 26 күн» өнөктүгү Кыйноого каршы улуттук борбордун түзүлгөнүнө жети жылдыгына жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы эл аралык конвенциясынын кабыл алынганынын 35 жылдыгына карата жарыяланды.

Бул өнөктүктү Кыйноого каршы улуттук борбор, Акыйкатчы институту, Башкы прокуратура чогуу уюштуруп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG