Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

Сотто Салянованын бөгөт чарасы каралууда (видео)


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралып жатат. Ал жараянга жактоочусунан башка эч ким киргизилген жок.

Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалган. Эки күндөн бери Салянованын бөгөт чарасы каралышын күтүп жакындары соттун имаратынын алдында турушат.

Алгач Салянованын бөгөт чарасы 4-июнда Биринчи май райондук сотунда саат үчтө карала турганы айтылып, бирок Салянова сотко жеткирилген жок.

Буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин «Азаттык» радиосуна айткан.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады. Ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн. Буга чейин да бир катар аткаминерлер жана мамлекеттик кызматкерлер Батукаевдин ишине байланыштуу кармалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG