26-июнга чейин камакка алынган Аида Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова анын бөгөт чарасы каралган сот отуруму боюнча айтып берди. Жактоочу бул отурумда Салянова эч кандай далили жок көрсөтмө үчүн камакка алынганын сындады.
«№1 СИЗОго камалганы туура эмес. Мындай деңгээлдеги адамды камабаш керек болчу. Тергөөнүн «ал качып кетет жана күбөлөргө басым көрсөтөт» дегени туура эмес. Ал тергөөдөн качпайт жана күбөлөргө басым көрсөткүдөй жогорку кызматта турган жок. Азыр «Коррупция» беренеси баарына эле колдонулуп калды. Бул берене өтө оор, анын экинчи бөлүмү менен 12 жылдан 15 жылга чейин жаза берилет. Аида Саляновага коюлган айып мурдагы атайын прокурордун бир көрсөтмөсү менен түзүлдү. Ал эч кандай далилдер менен коштолбойт. Мындай оор кылмыш үчүн так далилдер менен айыпталышы керек».
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралып, 26-июнга чейин камакка алды. Ал жараянга жактоочусунан башка эч ким киргизилген эмес.
Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалган. Эки күндөн бери Салянованын бөгөт чарасы каралышын күтүп жакындары соттун имаратынын алдында турушкан.
Алгач Салянованын бөгөт чарасы 4-июнда Биринчи май райондук сотунда саат үчтө карала турганы айтылып, бирок Салянова сотко жеткирилген эмес.
Буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин «Азаттык» радиосуна айткан.
Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады. Ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн. Буга чейин да бир катар аткаминерлер жана мамлекеттик кызматкерлер Батукаевдин ишине байланыштуу кармалган. (TSh)