Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:39

Судан: лагердеги кагылышууда өлгөндөрдүн саны жүзгө жетти


Хартумдун үстүндөгү кара түтүн. 5-июнь, 2019-жыл.

Суданда демонстранттардын лагериндеги кагылышууда өлгөндөрдүн саны жүзгө жетти. Бул тууралуу дарыгерлерге шилтеме жасап, Би-Би-Си кабарлады. Кырк адамдын сөөгү Нил дарыясынан табылганы айтылууда.

Азыр Суданды он адамдан турган Жогорку аскердик кеңеш башкарууда. Аскерлер жана оппозиция өкүлдөрү бир нече жумадан бери өлкөнү өткөөл мезгилде ким башкарышы керек деген маселеде орток пикир таба албай жатышат.

Суданда былтыр декабрда каршылык акциялары алгач азык-түлүктүн кымбатташына, накталай акчанын жетишсиздигине байланыштуу башталып, кийин президентти кетирүү тууралуу талаптарга өсүп жеткен.

Апрелде өлкөнү 30 жыл бою башкарган президент Омар аль-Баширдин бийлиги кулатылган. Бирок анын ордун ээлеген аскердик бийликти демонстранттар колдобой, жарандык өкмөт келишин талап кылып, көчөдө кала беришкен. Ошентип, Суданда демонстранттардын лидерлери менен өткөөл аскердик өкмөт кризисти жөнгө салууда мунаса таба албай жатышат.

XS
SM
MD
LG