Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Зеленский: Украина НАТОго сөзсүз мүчө болот


Владимир Зеленский «Азаттыктын» суроолоруна жооп берүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский «украин эли эгемен улут катары каалаган альянсты тандоого укугу бар» деп билдирди. Бул тууралуу Зеленский «Азаттык» менен болгон маегинде айтты.

- Украинанын ар бир жаранына НАТО эмне экенин, бул айтылып жүргөндөй коркунучтуу болбогонун айтышыбыз керек. Украиналыктар даяр болгондо биз бул маселени референдумга алып чыгабыз жана Украина НАТОго сөзсүз мүчө болот, - деп айтты Зеленский.

Украинанын жаңы президенти ушул күндөрү Брюсселде жүрөт. Ал Европа Биримдигинин жана НАТОнун жетекчилери менен жолугушту.

Зеленский Европа Биримдигине жана Түндүк Атлантикалык Альянска толук укуктуу мүчө болуу Украина үчүн стратегиялык багыт экенин айтты.

XS
SM
MD
LG