Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

ИИМ: Сокулукта абал туруктуу, кадимки ээнбаштыкты «улут аралык чыр» дебегиле


Бакыт Сеитов.
Бакыт Сеитов.

Чүйдүн Сокулук районундагы абал милициянын көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымында, коомдук туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүп жатат.

- 5-июнда үч өспүрүмдүн ортосунда мушташ чыкканы тууралуу маалымат тастыкталды. Экөө 15 жаштагы балага кол көтөрүшкөн. Ал ооруканага жеткирилди. Факт «Ээнбаштык» беренеси боюнча Бирдиктүү реестрге катталды. 23 жана 15 жаштагы эки бала шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. ИИМ Сокулуктагы ээнбаштыкты улут аралык чыр деп карабоону суранат. Абал туруктуу, - деди Сеитов.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жабыркагандар экөө. Алар ооруканада, абалы туруктуу, бирөө нейрохирургия бөлүмүндө.(RK)

Ороктогу жаңжалга эмне себеп болду?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00

XS
SM
MD
LG